Перейти к содержимому

Текст песни Темир Назаров — Чырай жуздуу

Исполнитель: Темир Назаров Обновлено:

Чырай жүздүү, мүмкүн, түшүм эледир,
Мүмкүн, сени Кудай өзү бергендир,
Аалам жүзү сенден бүткөн өңдөнүп,
Сен деп гана жашам келем негедир.
Баталгага баш сайылган күндө да
Сени гана көргүм келет негедир
Койнумдагы сагынычым тарабай,
Сени гана эңсеп келем негедир.

Көзүң жарган аппак таң,
Арзууларын узаткан,
Шүүдүрүмдөн тамчысы
Жүрөгүмдү суусаткан
Соолуп кетсем кимде айып?
Тамырымдан куураткан
Тамчысынан сүйүүнүн
Чайыналы булактан.

Чырай жүздүү, мүмкүн, түшүм эледир,
Сагынычым жазып күнүм келгендир
Чырайыңа чайынмайн эч качан
Өлүм деле албайт деле мени негедир.
Баталгага баш сайылган күндө да
Сени гана көргүм келет негедир
Койнумдагы сагынычым тарабай,
Сени гана эңсеп келем негедир.


Текст добавил: Андрей Курышев

Другие песни исполнителя Темир Назаров

Все песни Темир Назаров →