Перейти к содержимому

Текст песни Чынгыз Турдубаев — Сунулбай гүлүм калды

Исполнитель: Чынгыз Турдубаев Обновлено:

Экөөбүз эңсеп күткөн,
Кезигүүбүз оңунан чыкпады.
Билбедим эмне себеп,
Же мага айтпаган сырың барбы?
Ажайып ачып турган, бир өзүңө арналган,
Гүлүмдө күнөө беле?

Күтүүдөн тажабадым, көңүлүм калбады,
Убакыт өтүп жатты, жаңырган күн батты.
Сезимим күйүп-учуп, үмүтүм сынбады,
Саанаркап сени күтүп, жалооруп гүлүм калды,
Сунулбай гүлүм калды.

Күтүүдөн көңүл түшүп,
Карай берип улам ар бир жакты.
Келгениме өкүнтүп,
Түрлүү ойлор улам сабалады.
Ажайып ачып турган, бир өзүңө арналган,
Гүлүмдө күнөө беле?

Текст добавил: Андрей Курышев

Похожие песни